Түркиянын Мармарис курорттук шаарында Кыргыз жарандарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган деп шектелип 12 жаран кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Түркиянын Мармарис шаарында жайгашкан мейманканалардын биринде Кыргыз өлкөсүнөн келген 13 кыз-келинди мажбурлоо жолу менен кармап турушкан деген шек менен 12 адам кармалды. Алардын бири Кыргыз жараны - С.Д. аттуу айым экендиги белгилүү болду. Дагы 3 шектүү изделүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Түрк полиция кызматына Мармаристеги айрым туристтик мейманканаларда чет өлкөлүк жарандар тарабынан сойкулук кызматы көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Полиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргыз кыз-келиндери мажбурлоо жолу менен сойкулукка баргандыгы аныкталган.
Кармалган жарандар учурда атайын кармоочу жайга киргизилген. Мугла аймактык полиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.