Мексикада 101 жүргүнчү менен бара жаткан учак кулап кетип, 85 адам жабыркады. Каза болгондор жок

"Aeromexico" авиакомпаниясына тиешелүү болгон эл ташыган учак Мексикада кулап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Embraer-190 учагы Мексиканын Дуранго штатынан Мехикого бара жаткан. Учакта 97 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон. Жергиликтүү бийликтин тараткан маалыматы боюнча, кырсыктан каза болгондор жок, 85 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан.

"Кырсык 31-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө болгон. Тактап айтканда, бул убакытта учак Дуранго аэропортунан бийиктикке көтөрүлгөнүнө 5 мүнөт өткөн", - деп жазылат маалыматта.

Дуранго штатынын губернатору Хосе Айспиро авиакырсык адам өлүмү менен коштолбогонун, бардык жабыркаган жарандарга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын кабарлаган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Muratmipa
2018-08-01 09:23:39
Кудай сактаптыр
+2
Taku.14.02
2018-08-01 11:06:09
кудай сактаптыр.. ушудай да болобу
+1
Kroxa
2018-08-01 11:19:36
Аман калышыптыр башкысы..
+1
NURTILEK_KG
2018-08-01 11:50:57
1 фото учак эмес эле автобуско эмнеси болсода баары тируу экен ошого кудайга шугур
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан