Аламүдүндө 11 жана 13 жаштагы балдар дайынсыз болууда

Чүйдө 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болгон балдар 30-июль күнү саат 16:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

Изделип жаткан 13 жаштагы Курманбек Алмазбек уулунун бою 145-150 сантиметр, чачы кара, бетинде сепкили бар. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана бутуна кара слансы кийип жүргөн.

Ал эми 11 жаштагы Кутманбек Базарбаевдин бою 140-145 сантиметр. Кийип жүргөн кийимдери: жол-жол майка, көк түстөгү чолок шым жана кара слансы кийип жүргөн.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан балдарды көрүп-билгендер болсо, байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефондору.: 0 (312) 36-35-27; 0 (701) 25-55-22.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан