Ысык-Көл районунда 50 жаштагы жаран 83 жаштагы кемпирди зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 1-августта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, окуя 26-июлда Тамчы айылында катталган.
"Шектүү - Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун 50 жаштагы тургуну. Ал Тамчы айылына эс алууга келген. Окуя айылдагы эс алуу үчүн берилген жеке турак үйдө катталган. Анда кемпирдин келини бөлмөгө кирип, кийими чечилген киши кайненесинин үстүндө жатканын көргөн. Мындан улам ал милицияга кайрылып, шектүү жаран кармалган", - деп билдирди басма сөз катчы.
Кылмышка шектүү Сокулук районунда курулуш жумуштарында иштеген жана анын беш баласы бар. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.