SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Мамткуловдун аткаруусундагы "Көрүшкөнчө" деген чыгармасы кошулду.
"Бул чыгарма мага жаккан сөздөн улам келип чыккан. Тактап айтканда, "көрүшкөнчө" деген сөздү эмнегедир жакшы көрөм. Ушундан улам чыгарма жаралып калды. Ал эми клип Бишкек шаарында тартылган. Анда менин жаш чагымды уулум Руслан ойногон", - дейт ырчы.
25-ИЮЛДАН 1-АВГУСТКА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби камсыздаган.
8- орун - Нурлан Насиптин "Мектебим" чыгармасына буюрган.
7-орунду - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" видеокомпозиясы камсыздаган.
6-орунду - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы ээлеген.
5-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасына буюрган.
4-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" чыгармасы жайгашкан.
3-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" ыры камсыздаган.
2-орун - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айдана Деканын "Жигитке" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.