Ысык-Көл районундагы Григорьев капчыгайындагы Кара-Көл көлүнөн 45 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 1-августта кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31-июлда саат 20:05 чамасында Кара-Көл көлүнө 1973-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
"Издөө иштерин ӨКМнын куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. Бүгүн саат 08:50дө издөө иштерине аймактагы куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Саат 11:30да куткаруучулар тарабынан тургундун жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.