Ысык-Көлдө Орусия жаранын 7 жаштагы кызы менен кошо сабаган таксист дале кармала элек. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов таксистти издөө иштери улантылып жатканын SUPER.KG'ге 1-августта кабарлады.
"Азыр Орусия жаранын кызы менен кошо сабады деген адам козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам-издөө тобу тарабынан изделип жатат. Керектүү материалдар жыйналган. Ушул жуманын аягына чейин кармалат", - деп айтты Усубакунов.
Айта кетсек, Ысык-Көлгө эс алууга келген С.М. аттуу Орусия жараны 29-июль күнү милицияга кайрылып, бир күн мурун 7 жашар кызы экөөнү Бостери айылынан Чолпон-Ата шаарына алып бараткан таксист сабап койгонун айткан.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнү издөө иштери башталган.