ЖЫЛНААМА, 2-АВГУСТ: "Аватар" тасмасына тартылгандан кийин атактуулугу арткан актёр Сэм Уортингтон 42 жашка толду

Австралиялык актёр, коомчулукка "Аватар", "Терминатор: Куткаруу", "Мурунку түнү Нью-Йоркто", "Титандардын кол салуусу" тасмалары аркылуу белгилүү болгон Сэм Уортингтон бүгүн, 2-августта 42 жашка толду. Ал 1976-жылы Англияда туулуп, бала кезинен тарта Австралияда жашаган.

Ал мектепти аяктаган соң Сиднейдеги улуттук драмалык институтка тапшырганы менен актёрлук кесипке өтө көп кызыга берчү эмес. Өзүнүн айтуусунда, анын кино тармагына аралашып калганына студенттик кездеги сүйүүсү себеп болгон. Тактап айтканда, актёр өзү окуган окуу жайдагы бир кызды жактырып калып, экөө көпкө сүйлөшүп жүрүшкөн. Дал ошол кыз Сэмдин актёрлук шыгын байкап, тасмага түшүүнү каалагандар үчүн өткөрүлгөн сынактарга жибере берген.

Студенттик күндөрү бардар жашоодо өткөн эмес. Мындан улам актёр сабакка баруунун ордуна курулушта таш ташып иштөөгө аргасыз болгон.

Актёр 2006-жылга чейин австралиялыктар тарткан бир нече тасмаларга тартылганына карабай, аны көп адам тааный берчү эмес. 2007-жылы Жеймс Кэмерондун "Аватар" тасмасынын тандоо турунан өтүп, башкы каармандын образын жеткиликтүү ачып берген соң дүйнөгө атагы чыккан. Бул тасмадан соң ага киного тартылуу боюнча сунуштар биринин артынан бири келип, "Терминатор: Куткаруу", "Титандардын согушу", "Эверест" тасмаларына тартылган.

Сэм өзүн белгилүү эмес, Австралиядагы кадимки эле карапайым адам экенин айтып келет. Ошондой эле журналисттерге "эгер менин "жылдыз оорусуна" кабылганымды байкасаңар, дароо бетиме бир чапкыла, мен уруксат берем" деп айтканы бар.

Уортингтондун айтуусунда ал ушул кезге чейин машина алып, айдап көргөн эмес. "Машина менен уюлдук телефонго муктаж эмесмин. Себеби мага улам сайын ар ким байланышып, тынчымды алууларын каалабайм", - деген ал. Ошондой эле кийимге да көп маани бербесин кошумчалаган. "Кымбат баалуу кийим алуунун максаты эмнеде экенин азыркыга чейин түшүнбөйм. Өзүмө жаккан гана кийимдерди кийүүнү каалайм. Мисалы, менин бут кийимим бирөөгө жакпай же кийип турган костюмум менен дал келбей калса, мага баары бир. Эң негизгиси өзүмө жакса болду", - деген актёр.

Актёр 2014-жылы Лара Бингл аттуу моделге үйлөнгөн. Учурда түгөйлөрдүн Рокет жана Рейзор ысымдуу уулдары бар.

2-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан