Ысык-Көлдө эки адам көлгө чөктү. Биринин жансыз денеси табылып, экинчиси табыла элек

Ысык-Көл облусунда эки адам көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-август күнү саат 20:30 чамасында Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында 1977-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштерин ӨКМнын №31-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшүп, саат 21:55те маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле кырсык Балыкчы шаарында 1-август күнү саат 00:50дө "Сейил" кум жээгинде 23 жаштагы Б.А. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 01:50дө ӨКМнын Балыкчы шаардык №19-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Саат 02:17де издөө иштери натыйжа болбогондуктан токтотулду.

Издөө иштери 2-август күнү улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
molorbaev
2018-08-02 09:55:48
Жагымсыз жанылыктар кобойду
+2
vikidiki
2018-08-02 10:33:46
Эмне болду мынча? Кунуго бир нече ажал тооруган жанылыктарды окуйбуз.
+2
altyn7776
2018-08-02 11:34:31
кечээ Акун пансионатында эле элементардуу белгилердин жоктугуна кубо болбодукпу... Разметкалар коюлбайт... куткаруучулар туштонууго чыкканда эч ким чокпош керек экен...анан Турсунбеков улам чыгып актанып жатат маанисиз создору менен. Штраф салып бир жумага жаап салуу керек андай пансионаттарды. Видеобайкоолорду да кобуроок коюу керек.Элге шарт тузо албагандан кийин айланганы ачышабы?
+1
Sizge.kat
2018-08-02 11:38:07
Аз эле кыргыз элек кырып бутурмой болушту
+1
Samara2401
2018-08-02 14:04:26
Кундо сууга чокмой авария болгондорду эле угуп калдык ээ кудаай не деген шумдук колго барбай эле койгулачы
+1
Nuret94
2018-08-02 14:07:07
23 мүнөт эле издешип токтотуштубу
+1
Altinym
2018-08-02 14:23:03
Булар ХХХ ХХХ ХХХ мынча Адам чогушу мумкун эмес
0
neizvesnyi
2018-08-02 14:41:50
Altinym,Сиз ХХХ ХХХ Оз ажалы менен эле кеткенго деген ой келди. Дагы билбейм чындыкты Бир кудай билет
0
admin_media
2018-08-02 15:03:50
neizvesnyi, темадан алыс билдирүү калтырууга жана курамы ошош сайттады жарыялоого тыюу салынган.
0
admin_media
2018-08-02 15:01:31
Altinym,такталбаган маалыматы жазып, колдонуучуларды чаташтыруудан алыс болуңуз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан