Өлкөдө 2018-жылдын ушул күнүнө чейин 104 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкек шаарында болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, жалпы 104 адам сууга чөксө, алардын 61и балдар болгон. Чөккөндөрдүн 15и дарыяга, 19у каналга, ал эми 7си суу сактагычка чөккөн. Ал эми жайкы сезондо сууга чөккөндөрдүн саны 81ди түзсө, алардын 20сы Ысык-Көл облусунда катталган.
"Учурда жаш балдардын үй шартындагы бассейнге, ваннага түшүп кетип каза болуп калган окуялар катталууда. Мындан улам ата-энелерге кайрылуу жасап келебиз. Алар коопсуздукту сакташы керек", - деди ӨКМнын өкүлү Өмүрбек Чокомбаев.
Ал эми жогорудагы сууга чөгүп каза болгондордун үчөөсүнүн жансыз денеси ушул күнгө чейин табыла элек. Алардын баары Ысык-Көл облусунда катталган фактылар.