Ноокатта 24 жаштагы келин үйүнүн короосунда асынып каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда 24 жаштагы келин үйүнүн короосунда асынып алды. Мындай маалыматты бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери Нурпери Абдуллаева билдирди. Анын айтымында, асынган келин учурда экинчи күйөөсү менен жашап жүргөн.

"25-июлда Ноокат районунда келиндин асынып каза болгону тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Ычкам топ барган учурда анын жансыз денеси өзү жашаган үйдө асылган абалда болгон. Анын аты-жөнүн тактаган учурда ал 24 жаштагы А.А. аттуу келин болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун денесинде күч колдонуунун белгилери болгон эмес. Келиндин ата-энеси, иниси жана кайын журту соттук-медициналык экспертизадан баш тартуу тууралуу тил кат жазып беришкен. Учурда анын жакындары сурак беришүүдө", - деди маалымат катчы.

Маркумдун артында эки баласы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
neizvesnyi
2018-08-02 14:47:25
Эмне себеп болду экен ушунчалыка барганга
+4
Aman-moskva
2018-08-02 14:48:00
Жаткан жери жайлуу болсун эмне себеп болду экен 2 баласына эле жаман болуп тур мирим корбой осот женил ойлуу болбош керек ойлонуп анан иш кылыш керек
+4
vikidiki
2018-08-02 14:53:40
Эмне болмок эле? Жеткиришти да байкушту корго чейин, корбогонду коргозуп!
+15
kg_boy93
2018-08-02 15:22:38
Канткен кундо да бул Эн чон куноолордун бири. Аллахым куноолорун кечирип, бейишинен орун берсин Инша Алла
+3
Abdullatif
2018-08-02 15:24:31
Бул оору болушу да мүмкүн
+3
Aynura87
2018-08-03 23:59:06
Аллах аманат кылып берген жанды озу гана алат. Озун озу олтуруу адам олтуруу м.н барабар. Журогундо кымындай тырмактай ыйманы болгон адам кудайдан коркуп мындай ишке барбаш керек. Олумдон башка баардык проблемаларды чечсе болот сабырдуулук менен. Аллах кечирсин.(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан