Ысык жана кургак аба ырайында ири дүкөндөрдөн жеткиликтүү баада, кеңири ассортиментте соода кылууга мүмкүнбү?

Өлкөдө кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы орун алып, шаар тургундары мурдагыдай көчөдө жай басып, базарда кенен соода кыла албай калды. Катуу ысыктын кесепетинен улам көпчүлүк ашкана, тамактануучу жайларды иштеткен ишкерлер, ал тургай жөнөкөй жарандар дагы бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы калаа тургундарына "Күндүн ысыгында базарга барып соода кылып жатасызбы? Ысыктан кантип коргонуп жатасыз?" деген собол салды. Бул суроону борбордон алыс деп эсептелген конуштардагы ири дүкөндөрдүн биринде соода кылгандарга узаттык. Көпчүлүк тургундар ири дүкөндүн ачылышы менен иши жеңилдеп калганын билдиришти.

Анара, 63 жашта:

"Күндүн ысыгында базарга барууга мүмкүн эмес. Анткени ал жакта чатыр жок. Азык-түлүктөр ачык асман алдында сатылгандыктан, абадагы уулуу заттар, чаң жабышып азыктын тез бузулушуна алып келет. Товардын мөөнөтүн далилдеген дүмүрчөк жок. Базардагы соодагерлер мөөнөтү өтүп кетсе дагы сатып жиберейин, чыгым тартпайын деп аракет кылат. Мисалы, ушундай ысыкта базардан сүт алсаң, үйгө баргандан кийин ирип кетет. Анткени ал ысыкта туруп калган. Уулум базардан соода кылбагыла деп дайыма эскертет. Өзү Москвада иштейт. Бир жолу уулум ири дүкөндөгү мөөнөтү өтүп калган тонна товарды таштандыга ыргытканына күбө болуптур. Ошондон кийин ири дүкөндөрдөгү товарлар жарамдуу мөөнөтүнө жараша иргелип турарына ишенип калдык".

Азамат, 35 жашта:

"Биздин конушка "Фрунзе" дүкөнү ачылгандан бери базарга барбай калдык. Дүкөндүн ичи таза, салкын, бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Биз жаш үй-бүлө болгондуктан, балдарыбызды базарга ээрчитип бара албайбыз, аларды бирөө сөзсүз караш керек. А дүкөнгө барганда ээрчитип алабыз. Балдардын "баспайм", "мени көтөр" деген талабынан оңой кутулса болот. Анткени товар салуучу арабада кичинекей балдар үчүн отургучтар орнотулган. Дүкөнгө келип кетүү бизге жумуш эмес, үй-бүлөбүз үчүн сейилдөө болуп калды", - дейт ал.

Калбү, 66 жашта:

"Биз дүкөнгө жакын жашайбыз. Мурда дүкөн ачылганга чейин базардан соода кылчубуз. "Фрунзе" маркети ачылгандан бери базарга барчу жолду деле унуттук. Баасы дагы жеткиликтүү. Мисалы, 1 килограмм этти базардан 360 сомго алабыз. Ал эми бул жактан деле ушундай баада, кээде андан 10 сомго арзан алган учурлар болот. Кээде үйүңө күтүүсүздөн мейман келип калса, алыска барбайсың. Сутканын кайсы учурунда келсең дагы эшиги ачык, күнү-түнү иштейт", - дейт ал.

Ал эми "Фрунзе" ири дүкөнүнүн маркетологу эттин, деги эле бардык азык-түлүктөрдүн, товарлардын баасы мезгилге жараша коюларын айтты. "Биз кардарларыбызга жеткиликтүү баада сапаттуу, бардык стандарттарга жооп берген товарларды гана сунуштайбыз. Ошондой эле биздин дүкөндөр калк көп жайгашкан аймактарга жакын. Ушундан улам бизди тандап жатышат деп ойлойм", - деп билдирди.

Эгер продукциялар боюнча сунуштарыңыздар болсо, "Фрунзе" ири маркеттер тармагы жооп берүүгө даяр.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан