МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эрнест Абдыжапаровдун кызматын менин капчыгым көтөрө алабы?" дейт Мээрим Карыпова

Кыргыз эли эне менен бешикти ар дайым бир, бөлүнгүс нерсе катары карайт эмеспи. Дал ошол ажырагыс бул байлыктарды өз клибинде көрсөтүп, эненин жана бешиктин ыйыктыгын даңазалаган ырчы Мээрим Карыпова "Бешик ыры" клибинин тартылганы тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Адам баласы баалап-барктаган эне жана бешиктин ыйыктыгы көрсөтүлгөн бул клип 2015-жылы тартылган. Кичине кезимден угуп жүргөн бул ырды энелерге белек катары сунгум келген. Клиптин сценарийин иштеп чыгуу үчүн көптөгөн жаш режиссёрлор менен кеңешкем, бирок алар бир гана заманбап стилдеги идеяларды сунуштай алышты. Мен бул ырдын клиби кандайдыр бир өзгөчө болсо деп ойлоп койгон элем", - дейт ырчы.

Ырчы айым көптөгөн жаш режиссёрлордун сунуштарына купулу толбой, өзү каалаган образды таба албай турган маалда Эрнест Абдыжапаровго өзү жашаган аймактан капысынан жолугуп калганын жана өзү ойлогондой клипти экөө чогуу жаратканын айтып берди:

"Негизи мен Эрнест агайдын жараткан эмгектерин абдан баалап, жактырып жүрчүмүн, бирок агайдын жасаган ишин менин капчыгым көтөрө алабы деп ойлоп койгом. Анткени биздин жасалчу ар бир кадамыбыз финансылык жактан да каралат эмеспи. Бир күнү капысынан Эрнест агайга жолугуп калып, ырымды карап көрүүсүн сурангам. Агай чыгарманы жактырып, клиптин үстүндө чогуу иштешип калдык. Акыркы убакта биз кээ бир клиптерди эки күндө эле тартып коюп жатабыз го. Бирок бул клипти биз бир жумада араң тартып бүткөнбүз. Анткени агай өз ишине, ар бир майда-барат нерселеринин баарына кылдаттык менен карап, ишинин майын чыгарат экен. Мен Умай эненин образын чагылдарышым керек болгондуктан өзүмдүн кийимдеримди тандоодо абдан кыйналгам. Башкы каармандагы чоң энебиз басып өткөн үч доорду, үч башка мезгилдеги ыйык бешикте чоңойгон наристелерди көрсөтүшүбүз керек болгон. Ошондуктан көптөгөн наристелер менен иштеп, балдарыбыздын ыйын токтото албай абдан кыйналганбыз. Совет доорун көрсөтүүчү кадрда бешикте жаткан наристенин упчусу ошол замандыкына окшобой калган, наристе ыйлай бергенинен өзүнүн упчусун берип, таңкы саат 4тө акыркы кадрларды тарканбыз. Баш каармандын ролундагы чоң энебиздин актёрлук билими жок болсо да, ролун катыра аткарып берген. Эл клипте образ жараткан энени менин өзүмдүн апам деп ойлошот. Андай эмес, бирок алар менен азыркыга чейин катташып турабыз".

"Бешик ырына" тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-08-02 21:27:31
Мен да Эрнест Абдыжапаровду жамандап жатабы деп,шашылып окуп эле кире калса,супеееер теманы да келтиресинер да
+3
vikidiki
2018-08-02 23:20:08
monster_high_98,Ошо да, мен дагы ойлоп кетпедимби"ушунча кымбатпы акысы чын эле"деп.
+3
sabira.1990
2018-08-03 12:10:32
Ии ии мне болуп кетти депмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан