Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 55 жаштагы аял бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 1-августта катталган. Анда 55 жаштагы аял окуя болгон күнү мас абалында болгон. Ал кызы менен урушуп кеткен соң аны коркутуу максатында ашкана бычагын өзүнүн киндик тарабына сайган. Андан соң Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.
Учурда Таш-Көмүр ШИИБи бул факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.