Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Оштун "EREM" командасы алгачкы беттешинде атаандашын ири эсепте жеңип алды.
Аталган мелдеште 16 өлкөнүн чемпиондору катышып, алар 4 тайпага бөлүнүп күч сынашууда. Анда Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасында жайгашып, таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командаларына кез келген.
1-турдун алкагында "EREM" командасы катардык "Аль Салия" командасы менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө "EREM'дин" оюнчулары 4 гол киргизсе, каршылаштары 1 гол менен гана жооп бере алды. "EREM" командасында Эмиль Канетов, Юлдаш Салимбаев, Акбар Каземи жана Максат Алимов айырмаланышты.
Кийинки турдун алкагында Оштун "EREM" командасы 4-августта Таиланддын "Чонбури Блувейв" командасы менен ойнойт.
"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:
1-тур:
"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 9:2;
"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.
2-тур, 4-август:
13:00. "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд);
17:00 "Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар).
3-тур, 6-август:
17:00 "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар);
17:00 "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия).