Бишкек-Ош унаа жолунда карама-каршы багытта бара жаткан унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-августта эртең мененки саат 6:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 212-чакырымында, тагыраагы, Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.
"Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчү ташып бара жаткан Мерседес-Бенц жана Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Мерседес-Бенц унаасынын ичиндеги 4 жүргүнчү алган жаракаттарынан улам көз жумган. Ал эми Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын 2 жүргүнчүсү "Тез жардам" кызматы аркылуу жакын жердеги медициналык жайга жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча Мерседес автоунаасынын айдоочусу рулду башкарып бара жатканда уктап кетип, карама-каршы багытта келе жаткан унаа менен сүзүшүп кеткен. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.