Ооганстандагы мечиттердин биринде жардыруу болуп 30 адам каза болду

Кечээ, 3-августта Ооганстандын чыгышында жайгашкан Гардез шаарындагы мечитте жардыруу болуп, 30 адам каза болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, каза болгондордон сырткары дагы 100гө жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Полициянын кабарлашынча чабуул адамдар жума намазга чогулган убакта жасалган. Анда аял кийимин кийген эки жанкечти адегенде адамдарга карата ок чыгарып, андан кийин өздөрүн жардырып салышканы айтылат. Азыркы убакта жардырууну эч бир террордук топ моюнуна ала элек.

Ал эми “Талибан” террордук кыймылынан бул чабуулга эч кандай катыштыгы жок экенин билдиришкен. Алдына ала маалыматтар боюнча жардыруу болгон мечитте 300гө жакын адам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elebes86
2018-08-04 14:20:47
Дагы бир сакалчандар бейишке чыгасын деп башын айлантып койсо, тиги суйунгон бойдон кетти да мээси айланып. Бизде деле журушот го бейишти коробуз деп фанат болуп.
0
filis
2018-08-04 15:26:38
Биздин ДУМКдагы сакалчандар аран эле отурушат, качан Кыргызстан ислам мамлекетине айланып, эркектер беттерине жун остуруп, пакистанский халаттарды кийишип, аялдар болсо хиджабка ороношуп, шарыятты орнотуп, анан экинчи Афганистанга айлансак деген кыялдары бекем булардын.
0
Aikaaaa
2018-08-04 16:21:12
Арабдар кыйын эл экен, ар кандай жомоктору менен элдин башын айлантып, ишендирип, баш ийбегендерин өзүнүн элинин жардамы менен жардырып, жок кылып атышат
0
keba300989
2018-08-06 08:26:02
Озунан чыккан акчаны берет буларга, өзүн жардыруу үчүн, адамдарды өлтүр деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан