Чүй облусунда Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, айдоочу каза болду. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз катчысы Тимур Миркашировдун SUPER.KG´ге билдиришинче, кырсык 4-августка караган түнү саат 02:50 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 45-чакырымында катталган.
“Кырсыкка кабылган унаада 65 жаштагы 1 адам болгон. Ал рулду башкара албай калып, унаасы жолдон чыгып, кулап кеткен. Унаанын ээси алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Кырсык катталган аймакта жолдун абалы жакшы болгон жана жарыктандыруучу чырактар күйүп турган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат”, - деди басма сөз катчы.