Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кызды куткарып калды

Ысык-Көл облусунда сууга чөгүп жаткан кызды милиция кызматкери куткарып калды. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиришинче, окуя кечээ, 3-августта Жети Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы “Марко Поло” пансионатында болгон.

“ИИМдин “Шумкар” атайын даярдыктагы полкунун сержанты Бейшенбек Теңизбаев сууга чөгүп жаткан кызды байкап калып, аны куткарып калган. Сууга чөккөн кыз 21 жаштагы Ак-Суу районунун тургуну болгон. Ал аталган пансионатта иштегени аныкталган. Учурда кыздын абалы жакшы”,
- деди басма сөз катчы.

ӨКМнын ушул жылдын 2-августта берген маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө аймагында 104 адам сууга чөгүп каза болгон. Ал эми жайкы сезондо сууга чөккөндөрдүн саны 81ди түзсө, алардын 20сы Ысык-Көл облусунда катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-08-04 15:14:37
Жакшы жанылык,адам омуру сакталып калыптыр, окуя кандай болду экен негизи??
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан