Бүгүн, 4-августта Британ тактысынын 5-мураскери ханзаада Гарринин колуктусу, актриса жана фотомодель Меган Маркл 37 жашка толду. Ал 1981-жылы Лос-Анжелестеги Калифорния штатында төрөлгөн.
Атасы - Томас Маркл режиссёр, апасы - Дориа Рогланд коомдук ишмер жана йога боюнча устат болгон. Меган Маркл университетти аяктагандан кийин тасмага тартыла баштаган. Тагыраагы, 2002-жылы "Башкы госпиталь" сериалында роль жаратып, актрисалык тушоосу кесилген. Андан кийин "C.S.I.: Нью-Йорктогу кылмыштын орду", "90210: Жаңы муун", "Касл", "Форс-мажорлор" сериалында, "Мени эсте" фильминде роль жараткан. Муну менен катар эле фотомодель болуп дагы эмгектенген.
Актриса жеке жашоосунда эки ирет турмушка чыккан. Биринчи жолдошу режиссёр Тревер Энгельске 7 жылдык кыз-жигит мамиледен кийин турмушка чыккан. Түгөйлөр 2011-жылы баш кошуп, 2013-жылы расмий түрдө ажырашып кетишкен. 2016-жылы актриса мурунку күйөөсү Тревер Энгельстин каржылык жардамынан баш тартат.
Ушул эле жылы актриса ханзаада Гарри менен сүйүү романын куруп жүргөнү ачыкка чыгат. Бул билдирүү расмий билдирүү катары кабыл алынган. Анткени алардын мамилеси тууралуу маалыматты хан сарайдан тастыктаган. Ушундан кийин Гарри жергиликтүү маалымат каражаттарына Меган Маркл жана анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат таратууну токтотуусун талап кылган. 2017-жылы түгөйлөр үйлөнүүгө бел байлап, алдыда боло турган тойго кам көрөт. Муну менен киножылдыз аталган Мегандын карьерасына чекит коюлат.
2018-жылдын 19-майында Британиянын ханзаадасы Гарри менен америкалык актриса Меган Марклдын үйлөнүү тою Лондондун четинде жайгашкан Виндзор сарайында өтсө, никеси 15-кылымда курулган Ыйык Жорж чиркөөсүндө расмий катталган. Бул салтанатка он миңдеген Лондон шаарынын тургундары жеринен күбө болушса, дүйнө коомчулугу түз эфир аркылуу көрүшкөн. Тойго болжол менен 45 миллион доллар сарпталган. Баса, актрисанын ак боз ат минген ханзаадасы өзүнөн 3 жаш кичүү. Анан калса Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү катары өзүнчө гербге ээ.
Акыркы күндөрү Меган Марклды көпчүлүк күйөрмандары кийинүү стилин сынга алып келет. Ал гана эмес, белгилүү мода журналдары анын турмушка чыкканга чейинки образы менен турмушка чыккандан кийинки образын салыштырып, айрым учурда образдарынын топтомун байма-бай жарыялап турат. Ырасында эле актриса хан сарайга келин болгондон тарта мурунку ханайымдардан үлгү алып, классикалык стилге басым жасап калды.
4-августтун жылнаамасы.