Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тимур Миркашировдун SUPER.KG´ге билдиришинче, кырсык 3-август күнү эртең мененки саат 06:00 чамасында катталган.
“Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай айдоочу унааны башкара албай калган. Натыйжада унаа түндүктөн түштүктү карай бараткан Mercedes-Benz жана ага чиркелип бараткан ушул эле үлгүдөгү (Mercedes-Benz) кичи автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 кичи автобустун айдоочулары жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес”, - деди Миркаширов.
Ошондой эле маалымат катчы аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.