Орусиялык ырчы Саша Градива түркиялык мейманкана менен соттошот

Түркияда кичинекей баласы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген апасы менен эс алып жүргөн орусиялык ырчы Саша Градива көчөдө калды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Ырчынын айтымында, ал Түркиядагы мейманканалардын биринен орун алып, эс алып жүргөн. Бирок анын эс алуусу мейманкананын кызматкерлеринин туура эмес мамилесинен улам бузулган. Тагыраагы, ырчы бөлмөдөгү кондиционер иштебей калганын айтып, оңдоп берүүсүн суранган. Ырчынын суранычын администрациянын кызматкерлери аткаруудан баш тарткан. Ошондой эле Саша Градиванын апасынын ден соолугу начарлап кеткенинен "Тез жардам" кызматын чакыруусун өтүнгөн. Бирок мейманкананын кызматкерлери ырчыга жардам берүүнүн ордуна аны башка мейманканага жайгаштырган.
"Оорукчан апамдын акыбалын көрүп туруп, бизди башка мейманканага жайгаштырды. Ал жайды көрсөңөр жупуну, кичинекей эле мейманкана экен", - деген Градива.
Саша Градива Түркиядагы эс алуусу үчүн жарым миллиондон ашуун рубль короткон. Мындан улам ал аталган мейманкана менен соттошорун билдирген.
Маалымат үчүн: Саша Гардива 1979-жылы 5-февралда Москвада төрөлгөн. Өзүнүн чыныгы аты Александра Антонова, бирок көпчүлүккө Саша деген каймана ысым менен таанымал болгон. Ал бийчи, ырчы, продюсер катары таанымал. Учурда АКШнын Калифорния штатында жашайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан