Таанышынын унаасын 4 миң 400 долларга сатып жиберген жаран кармалды

Таанышынын унаасын алдоо жолу менен алып, башка адамга сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG´ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү жабырлануучунун Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаасын 4 миң 400 долларга (299 миң 871 сом) сатып, өзү качып кеткен.

“Ушул жылдын июнь айында Октябрь РИИБине Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда таанышы анын унаасын алдап алып, дайынсыз болуп кеткенин билдирген. Келип түшкөн арыздын негизинде ыкчам-иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, натыйжада 1994-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү тергөө аяктаганга чейин №1-СИЗОго киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерге катышы бар же жок экенин иликтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sabirdinovich
2018-08-05 13:41:37
Документтери жок кандай сата алат?
0
tokoev87
2018-08-05 20:40:27
кыжалаттар көзүн жаап койсоңор ким тааныйт же аты жөнүн толук жазгыла
0
Sezim.A
2018-08-05 21:33:04
tokoev87,оа десенер тообо кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан