Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Кечээ, 4-августта "Алтын кум" пансионатынан уюлдук телефондорду уурдоого шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Кармалган учурда анын жанынан Samsung жана IPhone үлгүсүндөгү смартфондор табылган. Сурак учурунда шектүү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын тургуну экенин айткан. Ал 3 күн мурда Ысык-Көлгө атайын иштөө үчүн келген. Тагыраагы, мас болгондордун же буюмдарын кароосуз калтыргандардын акчасын, баалуу буюмдарын уурдоо үчүн келген. Учурда ал Чолпон-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат катчы.
Ошондой эле шектүү катары кармалган бала буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткандыгын кошумчалады басма сөз кызматы.