Ысык-Көлгө эс алууга келген казакстандык жаран каза болду

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында эс алып жүргөн Казакстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 5-августта орун алган.

"Бостери айылындагы менчик коттедждердин биринде Казакстандан келген жаран каза болду. Ал 2-августта Ысык-Көлгө жубайы жана кыздары менен келген. Маркум коттедждеги жатаканада каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон жаран 3 күн бою алкоголдук ичимдик ичкен. Учурда бул окуя боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-08-05 18:58:32
Ичтмдиги жок эс алганга болбойбу эмне?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан