Боом капчыгайында унаа жолдон чыгып, аңга оодарылып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы билдирди.
"Бүгүн, 5-августта Бишкектен Ысык-Көлдү көздөй бараткан Toyota Mark II үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, аңга оодарылып түшкөн. Унаанын ичинде айдоочудан башка эч ким болгон эмес. Айдоочу 1949-жылы туулган Орус жараны болгон. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барган. Бирок айдоочу "жаракат алган жокмун, баары жайында" деп медициналык жардамдан баш тарткан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда" , - дейт басма сөз кызматы.