Бүгүн, 6-августка караган түнү саат 3:36 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан кабарлашкандай, анын күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Маалым болгондой, жер титирөө Тоң районундагы Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында 3 баллга сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.