Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 13 жаштагы өспүрүм чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, 5-август күнү саат 18:30 чамасында аталган суу сактагычка 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө аракеттери көрүлгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Мындан улам бүгүн да издөө иштери улантылып жатат.
Министрлик 4-август күнү да Жалал-Абад облусунда 30 жаштагы киши сууга чөгүп кетип изделип жатканын кабарлады.
"Саат 15:30 чамасында Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. 5-августта издөөгө 17 куткаруучу тартылып, түн киргендигине байланыштуу саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 6-август күнү издөө иштери улантылат", - деп билдиришти министрликтен.