"Бакай Банктын" Ысык-Көл облусундагы филиалы жергиликтүү жана чет элдик жарандарга тез, сапаттуу кызмат көрсөтөт

“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ийгиликтүү иш жүргүзүп, өнүгүү жолунда келе жатат. Аталган банктын республиканын аймактарындагы филиалдары жеке жана топ болгон жактарга бир нече кызматтардын түрлөрүн көргөзөт. Жеке жактар үчүн насыялар, депозиттер, төлөм карталары, акча которуулар, коммуналдык төлөмдөр, сейфтик кызматты пайдалануу кызматтары каралган. “Бакай Банктын” Каракол шаардык филиалында жогоруда айтылган кызматтардын бардыгы көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган филиалдын жетекчиси Бактыбек Бозумбаев айтып берди.

- Бактыбек Бозумбаевич, айтсаңыз, “Бакай Банктын” сиз жетектеген филиалы башка филиалдардан эмнеси менен айырмаланат?

- Учурда Каракол шаарында 80 миңден ашуун тургун жашайт. “Бакай Банктын” ушул аймактагы филиалы жана аманат кассалары жергиликтүү тургундарга жана чет өлкөлүк жарандарга банктык кызматтардын түрлөрүн көрсөтөт. Жакынкы арада кызматтын бардык түрү менен калкты тейлөөнү пландап жатабыз. Учурда биздин банк “Visa” жана “Элкарт” картасы менен төлөмдөрдү ишке ашыруу, аманаттарды кабыл алуу, насыя берүү, акча которуу кызматтарын ишке ашырып келет. Мисалы, акча которууларда “Золотая корона”, “Бакай Трансфер” аркылуу жүргүзүлөт. Баса, ушул жылдын аягына чейин “Бакай Банктын” бардык филиалдарынан “Золотая корона” картасы аркылуу акча которууларды ишке ашыруу менен 700 миң сом утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз буга чейин жеке жактар, ишкерлер менен кызматташып келсек, эми юридикалык жактарды дагы өзүбүздүн кардар кылууга аракеттерди көрүп жатабыз. Бир нерсени белгилеп айта кетейин, азыркы тапта насыя алуучуларга бизде атайын жайкы акция жарыяланган. Ушул жылдын башынан, аягына чейин насыянын пайызын 4 пайызга арзандатканбыз. Негизи эле “Бакай Банкта” башка коммерциялык мекемелерге салыштырмалуу кардарларга ыңгайлуу шарттардын баары каралган.

- Жайкы туристтик мезгилге карата филиалдын ишмердүүлүгүндөгү өзгөчөлүктөргө токтоло кетсеңиз?

- Кардаларыбызга ыңгайлуу болсун үчүн 25-июнда Бостери айылындагы №56-аманат кассасында жеке сейфтик ячейка ачылган. Бул кызмат дайымкы жана жаңы кардарларыбыздын суроо-талабына ээ болууда. Ошондой эле №56-аманат кассасынын иштөө мөөнөтү эртең мененки саат 8:30дан кечки саат 19:30га чейин узартылып, дем алышсыз иштейт. Биздин мындай кызматыбызга кардарларыбыз ыраазы болуп жатканын белгилеп койгум келет. Анткени ой-пикирин калтыруучу китепчебизге бардык кардарлар жакшы пикирлерин жазышууда. Кызматкерлер бардыгына сылык мамиле жасайт. Биздин кеңсеге киргендердин бардыгы менен саламдашып турса, кетип жатканда “жакшы барыңыз” деп турушат. Кардарларды тейлөөнү жакшыртуу боюнча атайын семинарлар уюштурулат. Биздин кызматкерлер адамдарга жакшы мамиле жасап, жогорку деңгээлдеги тейлөө көрсөтүү менен кардарлардын кайрадан кайрылып келерин жакшы түшүнөт.

- Сиз жетектеген филиалга туристтер көп кайрылабы?

- Жай мезгилинде Ысык-Көлгө көптөгөн туристтер келет эмеспи. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл туристтик сезон кеч башталды. Ошого карабастан биз жетиштүү кардар топтой алдык. Алардын арасында чет элдик жарандар бар. Чет өлкөдөн келген меймандар көпчүлүк учурда валюталарды алмаштыруу үчүн кайрылат. Биздин тейлөө кызматтар ырааттуу бөлүнгөндүктөн туристтер үчүн ыңгайлуу. Мисалы, Кызыл-Суу айылындагы №61-аманат кассасы айылдын чок ортосунда жайгашса, Бостери айылындагы №56-аманат кассасы дагы айылдын борборунда жайгашкан. Ал эми Каракол шаарындагы №46-аманат кассасы борбордук базардан орун алган. “Бакай Банктын” Каракол шаарындагы филиалынын кардарларынын арасында Европа өлкөлөрүнүн, Израилдин жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары бар.

- Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кандай даярдыктарды көрүп жатасыздар?

- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик жарандардын көп келиши күтүлүүдө. Ысык-Көл облусундагы “Бакай Банктын” филиалынын жана аманат кассаларынын кызматкерлери туристтерге тез жана жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтөт деп айта алам. Эскерте кетсем, Бостеридеги №56-аманат кассасы 15-сентябрга чейин кечки саат 19:30га чейин кызмат көрсөтөт.

Эгер сиздер “Бакай Банк” ААКсынын Каракол шаарындагы филиалынын кызматынан пайдаланам десеңиз төмөндө көрсөтүлгөн иш тартиби менен таанышыңыз. Дареги жана байланыш номерлери:

Каракол шаары, Жусаев көчөсү.

Телефон номерлери: 0 (3922) 5-01-55, 0 (3922) 5-02-92, 0 (3922) 5-03-22

Иш тартиби: Иш күндөрү саат 08:30дан 16:30га чейин (тамактанууга чыкпайт).

Республиканын бардык аймактарындагы “Бакай Банктын” башка филиалдарынын иш тартиби менен биздин сайттан тааныша аласыз.

“Бакай Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында 20 жылдан бери иш жүргүзүп келет. Учурда 70тен ашуун аманат кассалары жана филиалдары ыңгайлуу кызмат көрсөтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан