Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги Патрулдук жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын башчысынын жансыз денеси иш ордунан табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка караганда, башкармалыктын башчысы, маркум Дилшод Акрамовдон кимдир бирөө тарабынан өлтүрүлгөн белгилери табылган жана анын жансыз жатканын 4-августта саат 21:10до көрүшкөн. Бул боюнча "Адамды атайылап мыкаачылык менен өлтүрүү беренеси" менен кылмыш иши козголду.
Учурда министрликтеги жетекчинин иш бөлмөсүндөгү өлүмү боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы жазылат маалыматта.