Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жол кырсыгы катталып, 51 жаштагы айдоочу менен 20 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-август күнү саат 11:30да Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылында болгон.
"ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаанын 51 жаштагы айдоочусу унааны башкара албай оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 жаштагы М.Н. аттуу жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумуп, айдоочу ооруканада каза болгон. Жол кырсыгы боюнча Кара-Кулжа РИИБи тийиштүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.