Нарында айдоочуну тапанча менен коркутуп унаасын белгисиз тарапка айдап кетип калган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 5-августта болгон.
Кочкор РИИБине Бишкек шаарынын тургуну Н.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 5-август күнү саат 10:30 чамасында жабырлануучу Subaru Forester унаасы менен Нарындан Балыкчы шаарына бара жаткан.
"Унаада жүргүнчү болуп келе жаткан жашы 30-35тер чамасында Адыл аттуу жаран Сары-Булак айылына жеткенде жанынан тапанча алып чыгып айдоочуну коркутуп, андан соң сабап унаасын тартып алып, белгисиз тарапка айдап качкан. Бул маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу тарабынан машина Кочкор районунан табылып, ал эми шектүү райондук базардан табылган. Анын аты-жөнү такталып, Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылынын тургуну экени аныкталган. Анын жанынан далил катары тапанча жана анын октору табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат катчы.