Өзгөн районунда суу сактагычка чөгүп кеткен 13 жашар баланын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жашар өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Бүгүн, 6-август күнү издөө иштери улантылып, саат 15:25 чамасында маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 13 жаштагы өспүрүм чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан