Оштун "EREM" командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалына өттү

Футзал боюнча Оштун "EREM" командасы клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун плей-офф баскычына өттү.

Бүгүн, 6-августта Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Оштун "EREM" командасы австралиялык "Вик Вайперс" менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө "EREM" командасы 4 гол киргизип, 2 гол өткөрүп жиберди. Бул жыйынтык менен "EREM" 6 упай топтоп "С" тайпасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 9 упай менен таиланддык "Чонбури Блувейв" болсо, 3-орунда 3 упай топтогон катардык "Аль Салия" болду. Ал эми австралиялык "Вик Вайперс" упайсыз 4-орунду ээледи.

Эми плей-офф баскычында "EREM" командасы ирандык "Мес Сунгун" командасы менен кездешет. Беттеш 6-августта Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алат.

"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:

1-тур, 2-август:

"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 9:2;

"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.

2-тур, 4-август:

"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд) - 1:5

"Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар) - 2:4

3-тур, 6-август:

"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар) - 7:2;

"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 4:2.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
monster_high_98
2018-08-06 20:02:10
Охооо,жакшы,акырына чейин ойноп койгула эми!
+1
rysik79
2018-08-06 20:24:15
Жакшы элесинер таиланддын мойнун кайрысанар эле женесинер.
+1
Akmatov030
2018-08-06 21:35:20
6 август ирандын кулубу менен ойнойбу
0
a.sheralievic.91
2018-08-07 08:46:22
Чокудай бол кыргыздын жигиттери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан