Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия чемпиондугуна катышууга даярдык көрүп башташмакчы. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы 28-июнда билдирди. 16 спортчудан турган курама команда машыктыруучу Нурлат Тахировдун жетекчилиги алдында 30-июндан 21-июлга чейин Ысык-Көл облусунда машыгышат. Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугу 25-28-июль күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында болот.