Нарында жеңил унаа менен кичи автобус сүзүшүп, 19 адам жаракат алды

Нарын шаарына жакын жерде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Анда Subaru Forester менен MB Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүшүп кеткен.

Маалыматка караганда, кырсык 6-август күнү саат 16:00дөр чамасында болгон. Андан 19 адам жаракат алган, алардын төртү жаш балдар. Жаракат алгандар Нарын облустук аймактык ооруканасына жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан 12 адам ооруканада сыныктар бөлүмүнө жаткырылганын кабарлашты. Калган жети адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарылануусун үйдө улантуу үчүн ооруканадан чыгарылган.

Нарында эки унаа кагылышып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан