Кыргыз оор атлетчи Иззат Артыков Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
18-август - 2-сентябрь аралыгында Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүүчү Жайкы Азия оюндарында оор атлетика боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат. Алардын арасында өлкөбүздүн атактуу оор атлети Иззат Артыков бар. Азыркы тапта оор атлетика боюнча Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйынга өлкөбүздөн 4 спортчу чакырылган.
Белгилей кетсек, Иззат Артыков Бразилияда өткөн Жайкы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль жеңип алган. Бирок 8 күн өткөн соң ал допинг колдонгон деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилген. Эл аралык олимпиадалык комитет Иззат Артыковдун канынан стрихнин затын таап алган.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган Кыргыз курамасы:
48 килограмм салмак ченинде: Жаңыл Окоева - эл аралык даражадагы спорт чебери;
56 килограмм салмак ченинде: Чойбек Сартбаев - спорт чебери;
69 килограмм салмак ченинде: Иззат Артыков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
94 килограмм салмак ченинде: Бекдөөлөт Расулбеков - спорт чебери;
Башкы машыктыруучу: Камбар Токтоналиев.