27-июнда Ош облусундагы Араван районунун Төлөйкөн айылында айдоочу унаасы менен сууг агып жаткан каналга кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Айдоочу 36 жаштагы М.Абдраимов аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Маалыматка ылайык, куткаруучулар унааны суудан алып чыгышып, каза болгон жарандын денесин туугандарына өткөрүп беришти.