Жалал-Абад шаарында жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторду унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочуга карата административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга киргизилди. Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, окуя 4-августта болгон. Анда айдоочу унаасын тыюу салынган жерге токтоткон. Инспектор анын айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүүнү сураганда, айдоочу унаасын айдап кача баштаган.
Инспекторлорду айдоочулар унаасынын капотунда сүйрөп кеткен окуялар буга чейин да катталып келген. Акыркы жолу окурман 31-майда айдоочу аял инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей аралыкка чейин түртүп келгени тууралуу "Элдик кабарга" жөнөтүп, окуя коомчулукта талкуу жараткан эле.