Режиссёр Данияр Абдыкеримовдун куурчак анимациясы ыкмасы менен тартылган "Бала кантип өз шаарын сактап калды?" аталышындагы мультфильми Канадада өтө турган "Stop Motion Montreal" фестивалына катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына билдирди.
"Куурчак анимациясы ыкмасы менен тартылган мультфильм ушул жылдын жаз мезгилинде даяр болуп, көрүүчүлөргө тартууланган. Жакында эле Канадада өтө турган фестивалга чакыруу келди. Эл аралык фестивалга биринчи жолу чакыруу алдык. 5 мүнөткө созулган мультфильмде акылдуу баланын окуясы көрсөтулөт. Бала душмандарды кантип жеңүү керектигин эл башчысына айтып, элин сактап калат", - дейт ал.
Фестиваль 14-сентябрда башталып 16-сентябрда жыйынтыкталат.