Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына Бишкек шаарында даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдирди.
18-август - 2-сентябрь аралыгында өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярдануу максатында эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов окуу-машыгуу жыйындарга 15 балбанды чакырган. Алар "Изабек" спорт комплексинде даярданууда. Жыйындарга чакырылгандардын арасында Азия чемпиону Муслим Евлоев бар. Окуу-машыгуу жыйындар 16-августка чейин уланат.
Окуу-машыгуу жыйындарга чакырылган балбандар:
- 57 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Алибек Ташматов - спорт чебери;
- Бекболот Мырзаназар уулу - спорт чебери;
- Алмаз Сманбеков - спорт чебери;
- 61 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Улукбек Жолдошбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Икромжон Хажимурадов - спорт чебери;
- 65 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Алибек Осмонов - спорт чебери;
- Эрназар Акматалиев - спорт чебери;
- Нургазы Абдразаков - спорт чебери;
- 74 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Муслим Евлоев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Нуртилек Карыпбаев - спорт чебери;
- Адилет Анарбеков - спорт чебери;
- 86 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Бактияр Карагул уулу - спорт чебери;
- Динислам Таалайбек уулу - спорт чебери;
- 97 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Магомед Мусаев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Чыңгыз Керимкулов - спорт чебери;
- Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Таабалды уулу;
- Башкы машыктыруучу: Руслан Мажинов.