"Кызымды 18 жаштагы бала манжасы менен зордуктоого аракет кылыптыр" дейт 13 жаштагы өспүрүмдүн апасы

"Бишкектеги соода борборлордун биринде жайгашкан кинотеатрдын дааратканасында 13 жаштагы кызымды 18 жаштагы жигит манжасы менен зордуктоого аракет кылган. Окуя 2 жыл мурун болгону менен, бизге эми гана белгилүү болду", - деп жабыркаган кыздын апасы SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кыз окуя тууралуу айтуудан коркуп жүрүп, 2018-жылдын март айында гана жакындарына билдирген.

"Эки жыл мурун кызымды жайкы лагерге жибергем. Ал жактан балдар-кыздар менен таанышып, жакшы мамиледе болуп калыптыр. Бишкекке келген соң балдар кино көрүү үчүн Бишкектеги соода борборуна барышып, кызым колуна шире төгүп алыптыр. Колун жууганы дааратканага киргенде артынан 18 жаштагы таанышы кирип келип, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап, манжасы менен зордуктоого аракет кылыптыр. Кызым коркконунан качып кеткенге үлгүргөн. Эгер качпаса эмне болмок эле? Ошол күндөн кийин ал депрессияга түшүп, эч ким менен сүйлөшпөй калды. Жадакалса өзүн өлтүрөм деп бир нече жолу аракет кылды. Бактыга жараша, аман алып калдык. Эмне себептен өмүрүнө кол салганын мажбурлап сураганда гана ачык айтты", - дейт кыздын апасы.

"Өспүрүм кыздын окуясын уккан апасы дароо тартип сакчыларына арыз менен кайрылган. Бирок милиция ишти тыкыр иликтебей жатат" дейт ал сөзүндө. Анын айтымында, милиция өспүрүм кызга зордук көрсөткөн балага ушул күнгө чейин кылмыш ишин козгой элек.

Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кызга атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерилгенин билдирди.

"Анын жыйынтыгында кыздын зордукталганы аныкталган эмес. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон жок", - дейт Оморов.

Ыйлаган эне: "13 жашар кызыма дааратканада манжасы менен зордук көрсөтүптүр"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
amirrus
2018-08-07 20:34:27
кулдай сактааа эмнелер эле болуп жатат...
+1
bazar
2018-08-07 20:49:04
Чурайын кармалап койуптур да.
-10
Dalil
2018-08-07 20:56:40
bazar, кызыңыздын чурайын бөтөндөр кармалап койсо көрөт элем ушинтип кайдыгер отурганыңызды.
+15
Taku.14.02
2018-08-07 22:29:38
Dalil,кайдан билесин акча керек болуп калып шылтоо . эми кантип териштирет озу ойлонбойбу. 5 жыл мурун мени сабап кетти деп арыз жазсам болобу
+2
Nibiru.
2018-08-07 20:54:16
Жон эле бир нерселерди чыгара беришет экен да. Эки жылдан кийин бироону бироо кармалап коюптур деп милиция иш козгоп,издемек беле. Башка кылаарга иштери жок баштанып.
+14
Dalil
2018-08-07 20:57:34
Кыз сактаганча туз сакта деп бекеринен айтышкан эмес.
+12
surgeon777
2018-08-07 21:01:55
Башкысы кызыныздын абийири жайында экен,ошону кызга тушундуруп,психологко алып барып суйлоштуруп коюнуз,калганын Кудайга коюнуз жана мындан кийинкиси жакшы болсун дениз,кечке эле когоро бербениз,чындап жамандыкты чакырып аласыз.
+18
Nurkyz1977
2018-08-08 00:00:04
13 жашар кызын ээн эркин кое берген куноо озундо. Ушундай кайдыгер ата энелердин азабынан баардык жаман окуялар болуп жатат. Кичинекей оспурум кызга жигиттер менен киного барганды ким коюуптур,андай эле баргысы келсе энеси менен барсын.
+5
Benazir08
2018-08-08 01:55:38
Кыз торосон кызыны зордукташса. Уул торосон уулун банги болуп кыздарга асылса эмне деген заман болуп атышат а
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан