Бүгүн, 7-августта футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Жайкы Азия оюндарына катышуу үчүн Индонезиянын Жакарта шаарына келип түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында футбол боюнча мелдеште 25 курама команда 6 тайпага бөлүнгөн. Игорь Кудренко баштаган Кыргыз олимпиадалык курамасы "Е" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия жана Бахрейн курама командалары менен кез келет.
Футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 футболчу кирди. Анда 23 жаштан жогорулар Калысбек Акималиев, Темирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу.
Окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында Кыргыз курамасы Бишкектин "Илбирс" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш 2:0 эсебинде жыйынтыктап Кыргыз олимпиадалык курамасы жеңишке жетти.
Алгачкы беттешин Кыргыз курамасы 15-августта Малайзияга каршы өткөрөт.
Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы: