Москва шаарында Кыргыз жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташты Орусия ИИМи каттоого алып, текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маалыматты 8-августта Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Массалык мушташка аталган шаардагы эрежесиз эр уруш боюнча клубдардын спортчулары да катышкан деген маалыматтан кийин элчиликтин өкүлдөрү клубдардын машыктыруучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү айтылды.
"Укук коргоо органдары тарабынан мушташ эмнеден улам келип чыкканы жана ага катышкандардын өздүгүн аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Мындай көрүнүштөр коомчулукка Кыргыз өлкөсү жана Кыргыз жарандары тууралуу терс пикир жаратышы мүмкүн. Элчилик Кыргыз жарандарын жашап жана иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү боюнча этика нормаларын сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Окуя 4-август күнү Москва шаарындагы "Добрынинская" метро станциясында болгон. Видеого тартып алган күбөлөр жаңжал чыккан жерге 40ка жакын адам чогулганын билдиришкен. Алардын көпчүлүгү таксисттер экени айтылган. Чогулгандар алгач сүйлөшүп турушуп, кийинчерээк бири-бирин сабап башташкан. 5-10 мүнөттүн ичинде алардын кайым айтышы массалык мушташка айланып, 2 адам жаракат алган. Бирок эч ким медициналык мекемелерге кайрылган эмес, кимдир бирөөгө карата арыз да жазылбаганы белгилүү болду.