Мындан 18 жыл мурун, 2000-жылы 8-августта Москва шаарынын Пушкин аянтындагы жер алдынан өтүүчү жолдо жардыруу болуп, 13 адам каза болгон. Андан сырткары 118 адам денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, негизги 3 версия айтылган. Айрымдар жардырууну террордук акт дешсе, айрымдар ага экономикалык кызыкчылык же жөн гана бейбаштык себеп болгонун билдиришкен.
Бул жардыруу боюнча 300дөн ашык күбө суралып, 100дөн ашык экспертиза жүргүзүлгөн. Бирок андан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. 2006-жылы Москванын прокурору Юрий Семин жардырууну уюштургандар тирүү эмес экенин жана иш токтотулганын билдирген.
8-августка карата жылнаама.