Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: Бүгүн Кыргыздын "EREM" командасы чейрек финалда ирандык команда менен кездешет

Бүгүн, 8-августта футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалында Оштун "ЕREM" командасы ирандык "Мес Сунгун" менен кездешет.

Аталган мелдеш Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүүдө. Анда Кыргыздын командасы тайпалык баскычта 2 жолу жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Бул жыйынтык "EREM" үчүн плей-офф баскычына өткөнгө мүмкүнчүлүк берди.

Эми чейрек финалда "EREM" Ирандын "Мес Сунгун командасы менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алат.

Тайпалык баскычтагы беттештердин жыйынтыгы:

1-тур, 2-август:

"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.

2-тур, 4-август:

"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд) - 1:5

3-тур, 6-август:

"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 4:2.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TalaCSKA
2018-08-08 14:17:41
7-2 ге утулуп атат EREM
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан