ЖЫЛНААМА, 9-АВГУСТ: Коко Шанелдин образын ийине жеткире аткарган франциялык актриса Одри Тоту 42 жашка толду

“Коко до Шанель”, “Амели”, “Мага турмушка чык” тасмалары аркылуу өз күйөрмандарын тапкан француз актрисасы Одри Тоту бүгүн 42 жашка толду.

Ал 1976-жылы 9-августта Франциянын Бомон коммунасында туулган. Ал окуучулук күндөрүнөн тарта актриса болууну каалап, актёрлук боюнча кошумча ийримдерге катышып, бир нече тасмаларда эпизоддук ролдорду аткарган. Кийин жаш таланттар арасында актёрдук чеберчилик боюнча өткөн сынакка катышып, жеңүүчү аталган. Андан соң эл ичинде популярдуулукка ээ болгон “Венера” сулуулук салону” фильминде алгачкы чоң ролун жараткан.
Одриге чыныгы атак-даңкты 2001-жылы жарыкка чыккан “Амели” тасмасы алып келген. Себеби аталган тасма бир гана француз элине эмес, дүйнө жүзүнө көрсөтүлүп, ошол кезде төрөлгөн ымыркайлардын көбүнө Амели ысымы ыйгарылган.

2009-жылы “Коко до Шанель” тасмасында белгилүү модельер Коко Шанелдин образын аткарган. Тасмадан соң модельер негиздеген “Chanel No. 5” атырынын ошол кездеги жүзү Николь Кидмандын ордун ээлеген.
Актриса сүрөткө түшүүдөн тажабайт жана ар дайым жанына фотоаппарат алып жүрөт.

Мунун себебин жашоосундагы ар бир күнүн чагылдырып калууну көздөгөнү менен түшүндүрүп келет.
Одри жеке жашоосу тууралуу айтууну жактырбайт. Ошентсе да 2006-жылдан бери журналисттер анын француз музыканты Матье Шедид менен жүргөн учурларын сүрөткө тартып, коомчулукка жарыялап келишет.Матье Шедид менен.Ал эми актриса азырынча үй-бүлө күтүүгө шашылбайт.

Голливудда актриса тууралуу “Одри Тоту Францияга берилген жакшы нерселердин экинчиси. Биринчиси – круассан” деген тамаша кептер көп айтылат.

9-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан