Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: Оштун "ЕREM" командасы чейрек финалында ири эсепте утулуп калды

Оштун "ЕREM" командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалында ирандык командага утулуп калды.

Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан мелдештин плей-офф баскычында Оштун EREM" командасы ирандык "Мес Сунгун" менен беттешти. Беттештин жыйынтыгында Ирандын командасы 8 гол киргизгенге жетишсе, "EREM" 3 гол менен гана жооп бере алды. Муну менен "EREM" мелдештен четтетилсе, Ирандын командасы жарым финалга өттү.

Кыргыз командасынан аталган беттеште Павел Таку 1 жолу жана Улан Байгазы уулу 2 жолу айырмаланды.

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: "Мес Сунгун" (Иран) - "EREM" (Ош)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erjigit-e.15
2018-08-08 15:39:30
Азаматтар жаман эмес.
+2
monster_high_98
2018-08-08 18:30:07
Полховскийдин тактикасы башкача эле баарибир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан