Мушкер Хабиб Нурмагомедов үй-жайсыз адамдарды шылдыңдады деп сынга кабылды

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун өзүнүн агасы Абубакир Нурмагомедов менен үй-жайсыз адамдарды акча үчүн көнүгүү жасаткандагы видеосу кескин сынга кабылды.

Мушкер социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн. Чет элдик маалымат булактары ал видеону Хабиб Нурмагомедов өзү тартканын жазышууда. Андан агасы Абубакир көчөдөгү үй-жайсыз адамдарды акча үчүн көнүгүү жасатып жатканын көрүүгө болот.

Мушкердин агасы менен болгон кылыгы көпчүлүктүн кескин сынына кабылган. Интернет колдонуучулар бир туугандар үй-жайсыз, колдоого муктаж болгон адамдарды шылдыңдаганы бул көпкөндүктүн белгиси экенин жазып чыгышкан. Кийин аталган видеону мушкер өзүнүн баракчасынан өчүрүп салган.

Белгилүү спорттук The MMA Bible баракчасынын жазганына таянсак, видео АКШда тартылган. Хабиб Нурмагомедов азыркы тапта АКШда 6-октябрда ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен боло турган беттешке даярданып жаткан мезгили.

Хабиб Нурмагомедов сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Chagylgan1
2018-08-08 17:27:09
Начар адам экен, силердин "бир тууган" Хабибинер...
+21
pat12
2018-08-08 17:51:52
Кыргыздар гана бири бирибизге бир тууганбыз. Мумкун биздин сокур динчилдердин бир тууганы болушу мумкун. Биринчи кезекте динди эмес улутубузду даназаласак. Себеп любой адам динин озгортуп коет же бироодон кочуруп алышы мумкун ж.б. А бирок ар ким оз улутун сата албайт же алмаштыра албайт. Ал кандан канга отуп кете берет.
+12
Mirlan27011987
2018-08-08 18:01:55
Сакалчан, хиджабчандарга айтаар элем. Силер ыйман, толерантуулукту сырткы корунушунор менен эмес, ички дуйнонор менен даназалагыла жана далилдегиле. Жон эле сакал остуруп алышат, хиджабка оронуп алышат, а бирок ички дуйносу кандай экенин эч ким билбейт.
+10
bond02
2018-08-08 18:03:57
Озун аябай эле пиар кылды да ушул бала, 6чы октябрьда Конор желинди чыгарат го, 7де озун ошентип конугуу жасап калбасан болду.
+11
ikitaidesu
2018-08-08 18:11:50
Ислам дининде эч кандай күнөө жок!
Ислам динин жамынып, оюна келгенди кылган адам сөөрөйлөргө асылгыла.
Ылайым жеңиш насип кылбасын бул макулукка...
+6
Tansuluu09
2018-08-08 18:37:02
Уят
+2
jike
2018-08-08 18:37:06
чемпион болгондон бери кооп кетти Хабиб. чыныгы мусулман мындай кылбайт
+6
didu
2018-08-08 18:59:11
бул спортко чакырганы окшойт тура тушунуш керек
+1
Arsenal93.
2018-08-08 21:20:00
Эч кандай шылдындабай эле сергек жашоого ундоп жатат.аларды басынтпай эле тамашалашып жатпайбы просто отжимания жазаганына кулуп жатат.конор ошол уй жайсыздар менен тамашалашмак тугул карап да койбойт жолобойт жииркенет
0
Daniarbeko
2018-08-08 22:34:01
Бекер бергиче кичине болсода тер токконду уйронсун дегендир
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан