Испаниялык дарбазачы футбол тарыхындагы эң кымбат дарбазачы жана Испаниянын тарыхындагы эң кымбат футболчу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бүгүн, 8-августта англиялык "Челси" футболдук клубу 23 жаштагы Кепа Аррисабалаганы сатып алганы тууралуу маалымдады. "Челси" менен "Атлетик" футболдук клубдарынын ортосундагы келишим боюнча дарбазачынын трансфердик баасы 80 миллион еврону түзүп, Кепа Аррисабалага дүйнөдөгү эң кымбат дарбазачы аталды. Буга чейин 20-июлда бразилиялык дарбазачы Алиссон Беккер "Ромадан" "Ливерпулга" 75 миллион еврого өтүп эң кымбат дарбазачы аталган.
Ошондой эле бул трансфер Кепа Аррисабалаганы эң кымбат испаниялык футболчу кылды. Испаниялык футболчулардын арасынан буга чейин эң кымбат футболчу Альваро Морато болчу, ал "Челсиге" 65 миллион еврого өткөн.